Лукашенко ЖККУ саммитинде Жээнбековду куттуктады

© Пресс-служба Президента РФ / Медиабанкка өтүүБелорусиянын өлкө башчысы Александр Лукашенко Минск шаарында өтүп жаткан ЖККУнун юбилейлик саммитинде Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады
Белорусиянын өлкө башчысы Александр Лукашенко Минск шаарында өтүп жаткан ЖККУнун юбилейлик саммитинде Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лукашенко Сооронбай Жээнбековдун түйшүктүү ишине ийгилик каалады

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Белорусиянын өлкө башчысы Александр Лукашенко Минск шаарында өтүп жаткан ЖККУнун юбилейлик саммитинде Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады.

Минскиде аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары жолугушуп жатат.

"Сиз ЖККУ сессиясына биринчи жолу катышып жатасыз. Сиздин жоопкерчиликтүү ишиңизге ийгилик жана Кыргызстанга өнүгүү каалайм. Уюмубуз дагы бекемделе берсин. Менимче бардыгынын каалоосу ушул", — деди Лукашенко.

Эске салсак, бул жылы ЖККУга Белорусия төрагалык кылып жатат. 2018-жылы бул милдет Казакстанга өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0