Сапар Исаков ШКУ жыйынына катышуу үчүн Сочиге келди

Жазылуу
Жыйындын алкагында тар жана кеңейтилген курамда жолугушуулар болот

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков 30-ноябрда Сочи шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) 16-жыйынына катышуу үчүн барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Исаков Сочи шаарынын эл аралык аэропортунда Краснодар крайынын вице-губернатору Василий Швец тосуп алды.

Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Российскую Федерацию - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Путинге Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгын тапшырды
Өкмөт башчынын ШКУ ӨБК кеңешинин жыйынына катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүүсү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жыйындар тар жана кеңейтилген курамда өтөт.

Анда ШКУга мүчө мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар, ШКУга мүчө мамлекеттердин ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын ишке ашырылышы каралат.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлу пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0