Назарбаев Жээнбековду Астанага чакырды. Минск шаарындагы жолугушуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назарбаев чек арада Казакстан тарабынан да, Кыргызстан тарабынан да көзөмөл орнотуу боюнча чечим кабыл алынганын маалымдады

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭки мамлекеттин президенттери өз ара кызматташуунун келечеги жана кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу пикир алышкан
Эки мамлекеттин президенттери өз ара кызматташуунун келечеги жана кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу пикир алышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Эки мамлекеттин президенттери өз ара кызматташуунун келечеги жана кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу пикир алышкан
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖолугушуудан кийин өлкө башчылар журналисттер үчүн билдирүү жасаган.
Жолугушуудан кийин өлкө башчылар журналисттер үчүн билдирүү жасаган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жолугушуудан кийин өлкө башчылар журналисттер үчүн билдирүү жасаган.
1/3
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту
2/3
Эки мамлекеттин президенттери өз ара кызматташуунун келечеги жана кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу пикир алышкан
3/3
Жолугушуудан кийин өлкө башчылар журналисттер үчүн билдирүү жасаган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Казакстандыктар Жээнбековдун келиши менен эки өлкөнүн мамилеси оңолоруна ишенет
Белгилей кетсек, Жээнбеков Минск шаарына Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.

Эки мамлекеттин президенттери өз ара кызматташуунун келечеги жана кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу пикир алышкан. Жолугушуудан кийин өлкө башчылар журналисттер үчүн билдирүү жасаган.

Назарбаев Жээнбековду Кыргызстандын президенти катары кызматка киришүүсү менен куттуктап, эки элдин ортосундагы бир туугандык жана коңшулук мамилени калыбына келтирүү керектигин белгилеген.

"Эки мамлекеттин өкмөтү түзгөн "жол картасы" бар. Эми эки өлкөнүн жумушчу топтору жолугуп ага кол коёт. "Кордай" көзөмөл өткөрүү пунктун убактылуу ачуу жана Казакстан тараптан да, Кырызстан тараптан дагы көзөмөл орнотуу боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле ЕАЭБден үч киши жүктөрдү карап өткөрүп турат", — деди Назарбаев.

Назарбаев өз сөзүндө Жээнбековду расмий сапар менен Казакстанга чакырганын билдирди.

Жээнбеков өз кезегинде куттуктоо жана жылуу пикир үчүн Назарбаевге ыраазычылыгын айтты.

Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казак эксперти: Кыргызстандан товар келбей калгандыктан Казакстанда баалар өстү
"Нурсултан Абишевич менен азыр болуп жаткан бардык маселелер боюнча сүйлөшүп, бир чечимге келдик. "Жол картасы" бар, эки мамлекеттин өкмөттөрү иш алып барууда. Декабрь айында бул багыт боюнча иштерди аяктайбыз. Чек арада казак тараптан да, кыргыз тараптан да, ошондой эле ЕАЭБ жактан да көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери сүйлөшүлгөн мөөнөттүн ичинде чечилет", — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта кыйындай баштаган. Чек арадагы көзөмөл пунктуларындагы бир нече чакырымга жеткен кезек күтүүлөр пайда болгон. Расмий Астана мындай кадамды аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн жасалып жаткан иш-чара менен байланыштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0