"Көчмөн" аткаминерлер. Эзели ээрден түшпөгөн чиновниктердин тизмеси

Жазылуу
Кыргызстанда бийлик алмашса да, өкмөт алмашса да креслодон кол жуубай, биринен алынса, экинчисине отуруп калган чиновниктер бар

Кыргызстанда өкмөт башчы алмашып, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы тараган сайын кызматтык дайындоолор башталат. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги акыркы жети жылга көз чаптырып, бийликте "көчмөндүк" кылган аткаминерлер менен мамлекеттик кызматкерлерди тизмектеп чыкты.

Кубанычбек Кулматов

© Фото / пресс-служба ЖККубанычбек Кулматов, Улуттук банктын төрагасы
Председатель Национального банка КР Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Кулматов, Улуттук банктын төрагасы

Улуттук банктын төрагасы болуп иштеп жаткан Кубанычбек Кулматов акыркы жети жылда алты жогорку кызматты ээлеген. Аны 2010-жылы убактылуу өкмөт Бажы кызматынын төрагасы кылып дайындап, ал жакта үч жылдан ашык иштеген. Андан соң бир ай президенттин кеңешчиси болуп, бир жылдан ашык өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болгон. 2014-2016-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын мэрлигине шайланып, эки жылдан кийин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеген. 2017-жылдын 14-сентябрынан тарта Улуттук банкты башкарып келет.

Дүйшөнбек Зилалиев

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДүйшөнбек Зилалиев, Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы
Глава Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Дуйшенбек Зилалиев - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөнбек Зилалиев, Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы

Кесиби боюнча милиционер Дүйшөнбек Зилалиев 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин аппаратын жетектеген. Ал кызматта сегиз айдай иштеп, Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болот. Кийин төрт жыл Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетин башкарган. Сапар Исаков өкмөт башчысы болгондо вице-премьер кызматына бекитилип, учурда Мамлекеттик мүлк фондусун жетектөөдө.

Элвира Сариева

© Фото / пресс-служба Минобрнауки КРЭлвира Сариева, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары
Министр образования и науки КР Эльвира Сариева - Sputnik Кыргызстан
Элвира Сариева, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары

Мурдагы Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева азыр президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Ага чейин ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын байкоочу кеңешинде эки жылдай төрайым, Бишкек шаардык кеңешинде эл өкүлү болгон. Андан сырткары, сегиз ай вице-премьер, эки жылга жакын билим берүү жана илим министри жана эки ай президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Мухамметкалый Абулгазиев 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМухамметкалый Абулгазиев, президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Мухамметкалый Абулгазиев - Sputnik Кыргызстан
Мухамметкалый Абулгазиев, президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары

Мухамметкалый Абулгазиев 2010-жылдан 2016-жылга чейин Социалдык фондду жетектеген. Акыркы бир жарым жыл ичинде бир катар кызматтарды алмаштырды. Аблугазиев биринчи вице-премьер-министр болуп иштегенге дагы жетишкен.  Ошондой эле премьер-министрдин милдетин аткаруучу, өлкө башчынын кеңешчиси болгон. Учурда президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштейт. 

Толкунбек Абдыгулов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТолкунбек Абдыгулов, вице-премьер-министр
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Толкунбек Абдыгулов  - Sputnik Кыргызстан
Толкунбек Абдыгулов, вице-премьер-министр

Толкунбек Абдыгулов 2010-жылдан тарта Экономика министрлигинин статс-катчысы болуп иштеп, андан соң өкмөттүн аппаратында иштеген. Улуттук банкты жетектеп, биринчи вице-премьерликке чейин көтөрүлгөн. Үч айдан кийин кызматынан төмөндөп, вице-премьер болгон. 

Албек Ибраимов

© пресс-служба мэрии города БишкекАлбек Ибраимов, Бишкек шаарынын мэри
Мэр Бишкека Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Албек Ибраимов, Бишкек шаарынын мэри

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов акыркы жети жылда алты кызматка отурган. 2010-2011-жылдар аралыгында "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору, 2011-2012-жылдарда "Дастан" мамлекеттик заводунун башкармалыгынын төрагасы, 2013-жылы Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болгон. Ошондой эле 2016-жылы борбор калаанын мэри болгонго чейин эл аралык "Манас" аэропорту ачык акционердик коомунун башкармалыгы менен директорлор кеңешинин төрагалыгына дайындалган.

Нурханбек Момуналиев

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНурханбек Момуналиев, өкмөт аппаратынын жетекчиси
Руководитель аппарата правительства — министр КР Момуналиев Нурханбек  - Sputnik Кыргызстан
Нурханбек Момуналиев, өкмөт аппаратынын жетекчиси

Өкмөт аппаратынын учурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев жети жыл ичинде аталган кызматка үч жолу дайындалган. 2012-2016-жылдары эки жолу Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп иштеген. Ошондой эле президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, убактылуу өкмөттүн аппаратынын биринчи орун басары кызматтын аткарган.

Аалы Карашев

© Sputnik / Табылды КадырбековАалы Карашев, ЖК депутаты
Депутат ЖК Аалы Карашев - Sputnik Кыргызстан
Аалы Карашев, ЖК депутаты

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурган Аалы Карашев апрель окуяларынан кийин эки жолу вице-премьер болуп, бир жолу премьер-министрдин милдетин аткарган. 2012-1015-жылдары Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп, эл өкүлү болгонго чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болгонго жетишкен.

Токон Мамытов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТокон Мамытов, өкмөт башчынын кеңешчиси, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы
Председатель правления ОАО Кыргызалтын Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Токон Мамытов, өкмөт башчынын кеңешчиси, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы

Токон Мамытов азыр өкмөт башчынын кеңешчиси, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп эки кызматты аркалайт. Акыркы жети жыл ичинде Жогорку Кеңештин депутаты, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер жана "Кыргызалтындын" башчысы боло алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0