Жээнбеков Минскидеги саммитте Назарбаев менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков. Архивное фото
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин КРдин президенттик аппаратынан кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусу пландалбагандыгын айтышкан

МИНСК, 30-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен Минскидеги ЖККУнун саммити учурунда чек ара маселесин талкуулоо ниетинде. Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Казакстан менен болгон пикир келишпестикти кантип чечүү керектигин жана коңшу мамлекеттин башчысы менен сүйлөшүүнү пландадыбы, жокпу айтып берди. 

"Эртең ЖККУнун саммитине Нурсултан Назарбаев да келет. Жыйын учурунда бардык мамлекеттердин башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм. Аны менен катар эле Назарбаев менен да сүйлөшүүгө ниет кылып жатам", — деди Жээнбеков.

Буга чейин президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева ЖККУнун саммитинде Жээнбеков Назарбаев менен жолукпайт деп билдирген.  

30-ноябрда Минск шаарында Жамааттык коопсуздук уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик саммити болуп, анда 24 маселе талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0