Президент Жээнбеков Москвага учуп кетти. Андан соң Минскиге барат

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул Жээнбековдун президент болгондон кийинки чет өлкөгө жасаган алгачкы иш сапары

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Россияга учуп кетти.

Бул Жээнбековдун президент болгондон кийинки чет өлкөгө алгачкы иш сапары. Жолугушуу Россия тараптын чакыруусу менен өтмөкчү.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков казак лидери Назарбаев менен ЖККУнун саммитинде жолугушпайт
Өлкө башчы Москвадан Россия президенти Владимир Путин менен кезигишүүсү күтүлүүдө. Алар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана эл аралык маселелерди талкуулашмакчы.

Мындан сырткары, Россия Федерациясынын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен да жолугушуп, соода-экономикалык кызматташтык жана тараптардын биргелешип иштешүү механизмдерин активдештирүү маселесин талкуулоосу пландалууда.

Андан соң 24-ноябрда өлкө башчы болуп дайындалган Жээнбеков Белоруссиянын борбору — Минск шаарына учуп кетет.

Ал эми 30-ноябрда ЖККУнун коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясы болот.

Юбилейлик сессиянын жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтүп, өлкө лидерлери уюмдун 15 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Ошондой эле жамааттык коопсуздукту күчөтүүгө багытталган 24 маселе каралат. Анын ичинде стабилдүүлүктү сактоо жана терроризм менен күрөшүү маселелери камтылган.

Жээнбековду коштоп жүргөндөр:

Тышкы иштер министри — Эрлан Абдылдаев

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы — Айзада Субакожоева

Кыргызстандын Россиядагы элчиси — Болот Отунбаев

Вице-премьер — Толкунбек Абдыгулов

Коопсуздук кеңешинин катчысы — Алмазбек Курманалиев

Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары — Мухамметкалый Абулгазиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0