Бажы кызматына Матраимовдун ордуна башка орун басар дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик бажы кызматынын имараты. Архив
Мамлекеттик бажы кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Матраимов кызматтан кеткенден кийин анын орду бош турган

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Нурлан Ражабалиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ражабалиев буга чейин Ош облусундагы "Ош" бажысын башкарып келген. Ал жакында эле кызматтан алынган Райымбек Матраимовдун ордуна келди.

Белгилей кетсек, Матраимов ишеничтен кеткендиктен кызматтан алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0