БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстан казак бийлигин техникалык жардам иретинде бөлө турган 100 миллион долларынан баш тартканын расмий кабардар кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Казакстандын ТИМ маалымат кызматынын жетекчиси Ануар Жайнаковго таянуу менен жазып чыкты.
Буга чейин Жогорку Кеңеш ЕАЭБ алкагында Казакстан менен макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам кабыл алган. Ага Атамбаев 16-ноябрда кол койгон.
"Өткөн аптада кыргыз тараптан расмий билдирме алдык. Эми бул маселе эл аралык укук нормаларынын чегинде чечилет", — деди Жайнаков.
Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди ишке ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон. Бирок 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында чыккан көйгөйлөрдөн кийин Кыргызстан парламенти Казакстандан келе турган 100 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамдан баш тартуу чечимин кабыл алган.