Президент Жээнбеков бийликтин бардык бутагына жардам берүүгө даяр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы турмуштук жана аткаруу, мыйзам чыгаруу бутактарындагы иш тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө багыттоого даяр экенин эскертти

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Атамбаевди "Кыргыз Республикасынын Баатыры" кылды
Жээнбеков бийликтин бардык бутактары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тынчтыкты бекемдөө үчүн жооп берерин жана мамлекет менен элдин кызыкчылыгы үчүн бирдиктүү, эриш-аркак иштеши керектигин белгиледи.

Ал өз сөзүндө Атамбаев бар күчүн жумшап өлкөгө туруктуулук орнотконун айтты.

"Бизден иштөө жана ар бирибиздин милдетибизди так аткаруу гана талап кылынат. Биздин милдет – Кыргызстанды өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу, экономиканы көтөрүү, улуттук кызыкчылыктарды коргоо. Бийликтин бардык бутактарында коррупцияга каршы күрөшкө болгон күчүбүздү жумшоо", — деди президент.

Ал өз турмуштук жана аткаруу, мыйзам чыгаруучу бутактарындагы иш тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө багыттоого даяр экенин эскертти.

"Жетиштүү иш тажрыйбамдан улам бардык бийлик бутактарына конструктивдүү иш-аракет жүргүзүүгө жардам берүүгө даярмын", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле парламент аткаруучу бийликке бардык жагынан жардам берип, элге жана мамлекетке керектүү жана маанилүү долбоорлорду колдоп турушу керектигин белгиледи.

Пикир алмашуудан кийин мамлекет башчысы жакын арада ар бир бийлик бутагынын артыкчылыктуу маселелерин жана багыттарын терең талкуулоо үчүн өзүнчө жолугушуу өткөрүү ниетин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0