Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго бата берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инаугурация салтанаты "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев кызматынга расмий киришкен өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго бата берди.

Өз сөзүндө Атамбаев Жээнбековду куттуктап, кыргыз элине, үй-бүлөсүнө көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

"Оо жараткан, кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын баалесинен сакта, душмандын жалаасынан сакта. Дос көрүнүп кас болгондон сакта, жаныңда жүрүп өч болгондон сакта! Берекет жаныңдан кетпесин, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин! Жолуң шыдыр болсун! Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун! Жараткан ар дайым сени колдосун. Аман бол, бактылуу бол, Соке досум! Элибизге акжолтой ажо бол! Оомийин!" — деди Атамбаев.

Учурда инаурация салтанаты аягына чыкты.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурация салтанатын Sputnik Кыргызстан агенттигинин ретрансляциясынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0