БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Астана менен түзүлгөн кырдаал калыбына келет, анткени бул алар үчүн да маанилүү. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Өлкө башчы бул боюнча туура кадам жасаганын айтып, мындан кийинки шайлоодо эч ким кийлигише албай турганын белгиледи.
"Парламенттик шайлоодо Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери келип акча тараткан учурлар болгон. Кийин анын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салып койгонбуз", — деди Атамбаев.
Ал эми бийликти тапшыргандан кийин эмне кыласыз деген суроого ал "жеңилдей түшөм" деп жооп берди.
Атамбаевдин айтымында, алты жыл аралыгында эки блокада болуп өлкөнүн алсыз жактарын ачыкка чыгарды. Атамбаев эми кандай гана аракет болбосун Кыргызстан ага татыктуу жооп бере турганын белгиледи.