Зилалиев: кайсы жумушка дайындаса ошол жакта иштейм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония принесения присяги новыми членами Правительства Кыргызской Республики
Церемония принесения присяги новыми членами Правительства Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зилалиев президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен вице-премьерликтен бошотулган

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Дүйшөнбек Зилалиев аны кайсы жумушка дайындаса ошол жакта иштей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Зилалиев президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен вице-премьерликтен бүгүн, 17-ноябрда бошотулган.

Зилалиев сизди кайсы жумушка дайындашты деген суроону комментарийсиз калтырды.

"Бул суроого азыр жооп бербей турайын. Так бир нерсени айтсам алдагандай болуп калам", — деди ал.

Президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Сапар Исаков Зилалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу аны кызматтан бошотууну өтүнгөнү айтылат.

Эскерте кетсек, Зилалиев 2017-жылдын август айынан бери экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0