Атамбаев: алты жыл аралыгында жан үрөп иштедим

Жазылуу
Президент ага кытай министрлеринин бири Кыргызстанга караганда бир жарым миллиард элди башкарган жеңил экенин айткан

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөп жатып, алты жыл ичинде жан үрөп иштегенин билдирди.

Ал былтыр жүрөгү ооруп калганда катардагы жөнөкөй адамдардан эле көптөгөн каттарды алганын айтты.

"Демек алты жыл жөн эле иштебептирмин. Башкаруу оор болду, өзүңөр билгендей бардыгы баш аламан болчу. Армия, милиция күч түзүмдөрү да жок эле", — деди Атамбаев.

Кечирим сурап чөгөлөбөйм! Атамбаев агынан жарылды - Sputnik Кыргызстан
Кечирим сурап чөгөлөбөйм! Атамбаев агынан жарылды
Ага кытай министрлеринин бири Кыргызстанга караганда бир жарым миллиард элди башкарган жеңил экенин айтканын белгиледи.

"Азыр мен бийликти жүрөк заада болбой жаңы шайланган президент менен өкмөткө тапшырып жатам. Өлкөнүн келечеги үчүн көөнүм тынч, анткени сиздердей кишилер бар", — деди президент.

Өлкө башчысы өз ишинде өзгөчөлөнгөндөргө сыйлык тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0