Бабановдун ордуна Руслан Казакбаев фракция лидери болуп шайланды

Жазылуу
Казакбаев 2015-жылдын октябрь айында "Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп келген

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери болуп Руслан Казакбаев шайланганын аталган фракциянын катчылыгынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

"Бүгүнкү фракция жыйынында жаңы лидер болуп Руслан Казакбаевди шайланды", — деп айтылат билдирүүдө.

Казакбаев 2015-жылдын октябрь айында "Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп келген.

Эске салсак, 13-ноябрь күнү Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен фракциянын лидерлигинен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0