Атамбаев Жээнбековго: досум, мени уят кылбай таза иште!

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2018-2040-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын колдоду.

Ага учурдагы президент Алмазбек Атамбаев, жаңы шайланган өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаковдор катышты.

Президент өлкөнүн ички жана тышкы саясатына токтолуп, өз сөзүндө алдыга алгылыктуу максаттарды коюуга чакырды. Ага мисал катары шайлоо таза өтөт дегенге дээрлик эч ким ишенбегенин, бирок аракет ишке ашканын эске салды.

Муну менен бирге Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу айтып, ушу тапта парламентте популизм азайганын, иш конструктивдүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө стратегия эмне себептен 2040-жылга чейин түзүлгөнүн түшүндүрүп берди.

Деятельность Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Кыргызстан 2040-жылга чейин парламенттик башкарууга толук өтүшү керек
"840-жылы Улуу Кыргыз каганаты түзүлүп кийин кыйроого туш болгон. Кудайга шүгүр, кайрадан эркин мамлекет курууга мүмкүнчүлүк алдык. Ушул эркиндик деп канчалаган ата-бабанын каны төгүлдү. Биз өлкө эгемендүүлүгүн көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Антпесек бизди Кудай да, урпактар да кечирбейт. Мен кыргыз элим үчүн, кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы үчүн жанымды берүүгө даярмын. Ар бир кыргыз жараны бирөөнүн алдында бүжүңдөбөй эгемендүүлүк үчүн жанын курман кылууга даяр болушу керек. 2040-жылы Кыргыз каганатынын 1200 жылдыгын Кыргызстан дүйнө эли суктангыдай тосуп аларына бекем ишенем. Ылайым Жараткан колдоп, бөөдө кырсыктан сактасын!" — деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Соңунда президент Улуттук кеңештин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, жаңы шайланган өлкө башчысына "досум, мени уят кылбай таза иште" деди.

Жаңылыктар түрмөгү
0