БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны 20-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин президенттин журналисттер менен жолугушуусу 15-ноябрда болору кабарланган.
Ал эми жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясы 24-ноябрга белгиленген.
Алмазбек Атамбаев президенттик кызматына 2011-жылдын 1-декабында киришкен.