Путин менен Трамп ара чолодо Сирия маселесин сүйлөшүштү

© REUTERS / JORGE SILVAСаммит АТЭС во Вьетнаме
Саммит АТЭС во Вьетнаме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчылары "Ислам мамлекети" террордук уюмун жок кылуу үчүн чечкиндүү кадамдарга бара турганын айтышты

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп Вьетнамдагы саммиттин алкагындаМирия маселесин талкуулаганга үлгүрүштү. Эки өлкө башчынын билдирүү таратканын РИА Новости жазды. https://ria.ru/syria/20171111/1508610260.html

"Президенттер Сирия көйгөйүнүн аскердик чечими жок экендигин, абалды Женева процессинин алкагында гана жөнгө салууга болорун айтышты. Алар бул үчүн Сирия маселесиндеги бардык тараптарды активдүү иштөөгө чакырышты", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле өлкө башчылары Сириянын көз карандысыздыгын, биримдигин, аймактык бүтүндүгүн жана светтик режимин колдой тургандыктарына токтолушту.

Путин менен Трамп Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы саммитинин экинчи күнүндө сүрөткө түшүү аземинде пикир алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0