ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев Самаркандда казак кесиптеши менен жолукту

© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча Эрлана Абдылдаева и Кайрата Абдрахманова
Встреча Эрлана Абдылдаева и Кайрата Абдрахманова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлер Самарканд шаарына "Борбор Азия — Европа биримдиги" аттуу эл аралык конференцияга катышуу үчүн келишкен

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын Самарканд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев казак кесиптеши Кайрат Абдрахманов менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушуу 9-ноябрда болгон.

Тараптар аймактагы жана эки тараптуу актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы көйгөйлөр боюнча сүйлөшүшкөн.

"Андан сырткары, кыргыз-казак эки тараптуу мамилесинин чыңдалышына кызыкдар экенин белгилешип, түзүлгөн соода-экономикалык кыйынчылыктарды тез арада чечүү керектигин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Министрлер Самарканд шаарына "Борбор Азия — Европа биримдиги" аттуу эл аралык конференцияга катышуу үчүн келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0