Тышкы саясат, үй-бүлөсү жана бизнеси. Сооронбай Жээнбековдун маеги

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков РИА Новости агенттигине курган маегинде президенттик шайлоо, үй-бүлөсү, ички жана тышкы саясат тууралуу кеп кылган.

Кыргызстанда октябрдын ортосунда өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн мурдагы премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан. Жаңы шайланган өлкө башчы элге 24-ноябрда ант берет. Кызматына расмий киришүүнүн алдында жаңы мамлекет башчысы республиканын келечегин, коңшулар менен болгон мамиленин өнүгүшүн жана өлкөнүн аймактагы интеграциялык процесстерге катышуусун кандай көрөрүн айтып берди.

— Сооронбай Шарипович, Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо эл аралык коомчулук тарабынан таанылды, бирок айрым эл аралык байкоочулар мыйзам бузуулар орун алганын да белгилешти. Шайлоонун жүрүшүндө сизди эмне капа кылып, кайсы көрүнүш кубандырды?

— Өлкөдө акыйкат жана таза шайлоону камсыздап, ар кыл мыйзам бузууларды, анын ичинде "бюллетендерди топ-топ салуу", "карусель" өңдүү көрүнүштөргө бөгөт койгон системаны орнотуу үчүн эбегейсиз эмгек жумшалган. Жарандарга электрондук биометрикалык паспорт бериле баштады. Биометрикалык маалыматтардын жардамы менен үчүнчү ирет шайлоо өткөрүлдү, буга чейин 2015-жылы парламенттик, 2016-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо ушул тутум алгач пайдаланылган. Барган сайын биометрикалык маалыматтардын жардамы аркылуу шайлоо өткөрүү ачыктыкты камсыздап, бул система өзүн өзү толук актады деп ишенимдүү айта алам.

© REUTERS / Vladimir PirogovПрезиденттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда. 15-октябрь, 2017-жыл, Бишкек
Кандидат в президенты Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда. 15-октябрь, 2017-жыл, Бишкек

Эгер Кыргызстанда маселен, 2009-жылы өтүп, жыйынтыгы алдын ала аныкталган шайлоону, ал эми оппозиция акылга сыйгыс куугунтукка кабылганын эстей турган болсок, бүгүнкү күндө бизде бардык талапкерлерге жана саясый партияларга тең жана тегиз шарттар түзүлүп келет. Ат салышууга чыкканым үчүн премьер-министрлик кызматтан кеттим. Талапкерлердин эч кимиси шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун алдын ала айта алмак эмес. Ар бирибиз элдин тандоосуна гана таяндык. Бирок, тилекке каршы, биз башка бир көйгөйгө тушуктук – добуштарды сатып алуу маселеси. Бул албетте, көңүл чөгөртпөй койбойт. Бирок Кыргызстан калкы дагы бир ирет саясый кыраакылыгын көрсөттү.

— Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын туруктуулугун камсыздоо үчүн мөөнөтүнөн мурда парламентти таратып, жаңысын шайлоо канчалык максатка ылайык деп эсептейсиз? Сиздин көз карашыңызда жакынкы убакта окуялардын мындай өңүт алышы ыктымалбы?

— Парламенттин таркашына алпара турган саясий туңгуюктун белгилери байкалган жок. Жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн абдан негиздүү себептер болушу керек.

— Декабрдан тарта Конституцияга киргизилген президенттин ыйгарым укуктарын кыскарта турган өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Алар шайлоо алдында берген убадаларды турмушка ашырууга мүмкүнчүлүк береби? Учурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен тил табышуу оңойбу?

Архивные фотографии новоизбранного президента КР Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков — комсомол, мугалим, зоотехник. Сейрек сүрөттөр
— Конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктары жетишерлик. Мамлекет башчыдан башка эч ким мамлекеттик бийлик бутактарынын көз карандысыздыгы жана өз алдынчалыгына доо кетирбестен эриш-аркак аракеттенишүүсүн уюштуруу милдетин аткара албайт.

Өзгөртүүлөр өлкөдө күчтүү президент, күчтүү парламент, туруктуу өкмөт, көз карандысыз жана мурункуга караганда жоопкерчиликтүү сот системасынын болушуна, жалпысынан, 1-декабрда күчүнө кире турган Конституциянын редакциясы жаңы саясий системанын туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.

Биз күчтүү командабыз. Кыргызстандын жаңы өкмөтүндө көптөгөн жаш кесипкөйлөр бар, алар олуттуу реформаларды жасоого умтулат. Биздин команда иштин көзүн билет. Премьер-министр болуп турганымда экономикалык көрсөткүчтү биз 12 пайызга өстүрүүгө жетиштик. Ошол эле ийгиликтүү нукта Сапар Исаков менен бирдиктүү команда катары ишти улантабыз деп ойлойм. Жаш өкмөт ушул тапта күчтүү колдоого муктаж. Эгер президент реформалардын кепили болуп саналса, премьер жылдырып турган күч, кыймылдаткыч болушу керек.

Өз ишмердигимде өкмөттү алмаштыргым жок, ыкчам чечимди талап кылган маселелерде ишине кийлигишпейм, анын өз ыйгарым укуктары бар. Ошону менен бирге эле Кыргызстанда президент стратегиялык пландоо маселелери менен алектенет. Мында ал премьер-министр менен эриш-аркак иштейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвразиялык өкмөттөр аралык кеңешке катышкан делегация жетекчилери. Солдон үчүнчү ошол кездеги Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков
Заседание премьер-министров стран Евразийского экономического союза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке катышкан делегация жетекчилери. Солдон үчүнчү ошол кездеги Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков

— Президенттик кызматта эң негизги милдеттердин бири – өлкөнүн тышкы саясатын аныктоо. Республиканын эл аралык мамилелердин глобалдык тутумундагы ордун, ошондой эле аймактагы ролун кандай көрөсүз?

— Кыргызстан – постсоветтик Борбордук Азияда алгачкы жана бирден бир парламенттик демократиялуу өлкө. Эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ да биздин республиканы евразиялык чөлкөмдөгү күчтүү жарандык коому бар, эркин жана туруктуу мамлекет катары тааныйт. Менимче, Кыргызстандын аймактагы демократиялык мамлекеттин үлгүсү катары ролу мындан ары да жогорулай бермекчи.

Инаугурация президента Киргизии Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Ала-Тоонун ажолору: такка отуруу таржымалдары. Экинчи макала
Андан тышкары, азыркы чакта өкмөт өлкөнүн санарип экономиканы жаратууда аймактагы алгачкы карлыгач болушуна өбөлгө түзө турган санарип транформация улуттук программасын жүзөгө ашыруу багытында иштөөдө. Ошондой эле өлкөнүн транзиттик дараметин да унуткарбоого тийишпиз. Улуу Жибек жолу доорунан бери республиканын аймагы Батыш менен Чыгышты бириктирген көпүрө болгон. Жибек Жолун жандандырып, экономикалык алкак жана транспорттук саптарды кайра жаратууда Кыргызстандын географиялык ыңгайлуу жайгашышы өлкөнүн кайрадан Азия менен Европаны байланыштырчу звеного айланышына шарт түзөт деп ишенем.

Жалпысынан дүйнөлөшүү жана интеграциялык процесстер дүйнөнү бир тутумга айлантып, ал эми мамлекеттер бири-биринен көз каранды болуп баратышат. Бирок ошону менен бирге эле эл аралык терроризм, экстремизм, киберкылмыштуулук жана бардык, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттеринин да аракеттерин жалпылаштырууну талап кылган кылмыштуулук жана башка коркунучтардын түрлөрү пайда болууда. Мындан улам Кыргызстан коопсуздук тармагында гана эмес, деңизге чыга албаган тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүүгө байланышкан, экологиялык, диний жана башка эл аралык күн деминдеги көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышууну улантат.

— КМШ жана ЕАЭБ келечеги тууралуу кандай ойдосуз, Кыргызстан бул аймактык уюмдардагы ишмердигин улантабы? Өлкөнүн алардын катарынан чыгуу ыктымалдыгы барбы жана кандай учурларда мындай кадамга барышы мүмкүн?

— КМШ постсоветтик чөлкөмдө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенишүүсүнүн негизги диалог куруучу аянтчасы болуп саналат. Уюмдун ишмердигинин таасирдүүлүгүнө байланышкан белгилүү көйгөйлөр бар, ошол себептен анын ишин замандын талабына ылайыкташтыруу зарыл.

Торжественная церемония вручения благодарственного письма СМИ за освещение II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына бир дагы президент чакырылган жок
Ал эми ЕАЭБ боюнча айткым келгени – Кыргызстандын ага мүчө болуп кириши мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү зарылдыгы менен шартталган. Бул жаңыдан түптөлгөн жаш уюм, андыктан, өз көйгөйлөрү жана кемчиликтери бар. Эгер ЕАЭБдин жалпы дараметинен кеп козгосок, биримдиктин келечеги кең, бирок, тилекке каршы, мүчө мамлекеттердин экономикасынын деңгээлинин ар кыл болушу, ошондой эле ички атаандаштык анын ишмердигине өз түзөтүүлөрүн киргизүүдө. Ички соодада да бир катар тоскоолдуктарды жоюу талап кылынат. Булардан тышкары, расмий түрдө түзүлгөн келишим, кол коюлган макулдашуулардын бардыгы толук иштөөгө тийиш. Ушундай шарттарда гана биримдик жалпы максатына жетип, милдеттерин аткарат.

— Казакстан менен өз ара катнашты жөнгө салуу боюнча планыңыз барбы? Астана менен мамилени кандай курасыз?

— Кыргыз-казак алакасы орток тарыхка, маданиятка, руханий баалуулуктарына, ынак коңшулукка жана бир туугандыкка негизделген. Учурдагы маселелер убактылуу мүнөздө, анан да аларды жөнгө салуу боюнча эки тарап бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тез арада бардык көйгөйлөр жоюларынан шегим жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы Кыргызстан менен Россиянын премьер-министрлери Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведевдин жолугушуусу
Официальный визит премьер-министра РФ Дмитрия Медведева в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы Кыргызстан менен Россиянын премьер-министрлери Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведевдин жолугушуусу

— Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле соңку жылдары абдан өрчүп барат. Келечегин кандай көрөсүз? Өкмөт башчылык тажрыйбаңыздан улам кайсы тармактарда кызматташууга күч жумшоо зарыл деп эсептейсиз?

— Бардык тармактарда. Россия Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү болуп келген жана мындан ары да ошол бойдон калат. Сиз белгилегендей, акыркы жылдары Россия менен мамиле өнүгүүдө, ушул багытты андан ары да бекемдөөгө күч жумшайм. Жалпысынан коопсуздук тармагында саясий диалогду өрчүтүп, кызматташууну арттыруубуз абзел, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракетти жандандырып, маданий-гуманитардык алаканын өнүгүшүнө шарт түзүүбүз керек.

— Өмүр таржымалыңызда кайсы бир убакта мектепте орус тили мугалими болуп иштегениңиз тууралуу жазылган. Республикада аталган тилдин улуттар аралык баарлашуу тили катары макамын колдоп жана сактоо зарыл деп эсептейсизби? Коңшу түрк тилдүү мамлекеттердин латын алфавитине өтүшүнө кандай карайсыз? Сиздин пикириңизде бул кадамга барууга эмне себеп болду?

— Орус тили биздин өлкөдө расмий макамга ээ жана бул статусун сактап калат. Бул Конституция менен бекитилген. Орус тили – достуктун, БУУ тилдеринин бири.

Церемония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун келиши менен кандай кадрдык өзгөрүүлөр болот
Орус мектепте билим алгам. Мага жана көптөгөн кыргызстандыктар үчүн орус тили илим, билим, адабият жана искусство дүйнөсүн ачып берген. Тил билүү, анын ичинде орус тилин өздөштүрүү — инсан болуп калыптануунун кыска жолу. Кыргызстандыктар үч тилде сүйлөгөнү жакшы, ал эми үчтөн көп тил билсе, андан да артык.

Жаштарыбыз муну жакшы түшүнөт, ошондуктан, ар кыл тилдерди үйрөнүүдө. Дүйнө алар үчүн саякаттоо, билим алуу татаал болбой калды. Бизге да көптөгөн чет элдиктер, туристтер келет. Андыктан, тил билүү адамдын турмушун гана байытат. Ал эми латын алфавитине өтүү – ар бир мамлекеттин ички иши жана чечими.

— Буга чейин да саясий чордондо аз жүрдүңүз, окурмандарга үй-бүлөңүз, болочок биринчи айым тууралуу эч нерсе белгисиз. Айып этпесеңиз, алар турмушунда, өзүңүз иш тышында эмне менен алек экендигиңизден бир аз кабар алалы. Эмнеге кызыгасыз?

— Жубайым үй тиричилиги менен алек, айыл жана мал чарбасы тармагында үй-бүлөлүк бизнеси бар. Кызым студент, жакында эле бизди неберелүү кылды. Кичүү уулум – окуучу, үчүнчү класста. Бош убактымда китеп окуйм, жөө басканды жактырам. Жаш кезимде волейбол ойночумун, кээде бош убагымда ушул оюнду берилип ойноп калам.

Жаңылыктар түрмөгү
0