Сооронбай Жээнбеков парламент менен өкмөттүн кийинки тагдыры тууралуу айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу боюнча Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр декабрь айында күчүнө кирет

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын жаңы шайланган президенти өкмөттүн ыйгарым укуктарын кыскартпай, парламентти таратпай турганын РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты. 

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрь күнү болуп, анда 11 талапкер ат салышкан. Жалпы шайлоочулардын 54,7 пайыз добушуна ээ болгон Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленген.

Ал ортодо президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу боюнча Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр декабрь айында күчүнө кирет.

"Конституция боюнча президенттин укуктары жетиштүү. Бирок мен өкмөттү алмаштырып, анын айрым иштерине аралашпайм. Анын өзүнүн ыйгарым укуктары бар. Ошону менен катар айта кетерим, Кыргызстанда президент стратегиялык пландоолор менен алектенип, өкмөт башчысы менен тыгыз байланышта иштейт", — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, Конституциядагы өзгөрүүлөр президенттин, парламенттин күчтүү, сот системасынын көз карандысыз жана өкмөттүн туруктуу болушуна багытталган.

Ошондой эле ал азырынча Жогорку Кеңешти таратып салууга себеп болчу саясий каатчылыкты көрө элегин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0