Кыргызстанга Кытай парламентинин депутаттары келет

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүГорода мира. Пекин
Города мира. Пекин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай делегациясынын иш сапары 12-ноябрдан 15ине чейин уланат

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга Кытайдын парламенттик делегациясынын келиши күтүлүүдө. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Кытай парламентинин депутаттары иш сапардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

"Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Айыл чарба жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин делегациясынын келиши мерчемделүүдө. Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Го Гэнмао делегацияны жетектеп келет", — деп айтылат маалыматта.

Иш сапар 12-ноябрдан 15ине чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0