Атамбаев менен Исаков чек арадагы көйгөй жана кышка карата даярдыкты талкуулашты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрезидент Алмазбек Атамбаев обсудил с руководителем своего аппарата Сапаром Исаковым
Президент Алмазбек Атамбаев обсудил с руководителем своего аппарата Сапаром Исаковым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы көмүрдүн баасын жөнгө салуу механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну тапшырды

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сапар Исаков менен кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. 

Маалыматка караганда, ажо менен өкмөт башчы чыгым тартып жаткан товар өндүрүүчүлөргө, жүк ташуучуларга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашкан. 

"Мамлекет башчы премьер-министрдин көңүлүн көмүрдүн баасына байланыштуу маселеге да буруп, өкмөт керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн көмүр баасын жөнгө салуу механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну камсыз кылууга тийиш экендигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта. 

Президент жылытуу мезгилинде калкты электр энергиясы жана жылуулук менен туруктуу камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү керектигин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0