Кыргызстан Казакстандын мыйзам бузууларын эске алуу менен КМШ чечимине кол койду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочий визит премьер-министра Кыргызстана Сапара Исакова в Ташкент
Рабочий визит премьер-министра Кыргызстана Сапара Исакова в Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү жүк ташууда, транспорттордун өтүшүндө жана транзит боюнча казак тарап мыйзам бузуп жатканын белгиледи

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министр Сапар Исаков КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын "2011-жылдын 18-октябрындагы эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин жобосун ишке ашыруу жөнүндө" чечимине Казакстандын мыйзам бузууларын эске алуу менен кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдына 70-80дей киши нараазычылык акциясына чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте казак элчилигинин алдына нараазычылык акциясы өттү
Жыйын Ташкентте өткөн. Исаков Казакстан КМШ аймагында эркин соода боюнча 2011-жылдын 18-октябрындагы келишимдин жобосун аткарбай жатканын белгиледи.

Исаков билдиргендей, Казакстан "Эркин транзит" келишиминин нормаларынын 7-беренесин бузуп жатат. Тараптар 1994-жылы кол коюлган тариф жана соода боюнча башкы келишимдин 7-беренесинин жобосуна ылайык, тараптар товарлардын транзити жана транспорт каражаттарынын көзөмөлүн жүргүзүшү кажет. Бул макулдашылган тараптардын аймагы аркылуу транзиттин эркин болушу керек дегенди түшүндүрөт.

Өкмөт аталган берененин 5-пунктуна ылайык тараптар транзитте турган товарлардын өтүүсү үчүн керектүү шартты түзүп бериши керек деп жазылганын жүйө келтирүүдө.

"Казак тараптын 10-октябрдан тарта Казакстандын аймагы аркылуу өтүп жаткан Кыргызстандын жүктөрүнө карата көрүп жаткан аракеттери келишимдин жоболорун түздөн-түз бузгандык жана Казакстандын эл аралык милдеттерин аткарбай жатканын көрсөтүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Пробка из автомобилей на границе между Киргизией и Казахстаном на КПП Ак-Тилек. - Sputnik Кыргызстан
Казакстан чек арадагы көзөмөлдү күчөтүшү мүмкүн
Ошондой эле КР өкмөтү эки тараптуу соода келишиминин 12-беренесине ылайык, санитардык жана фитосанитардык чаралар Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелери жана келишимдин принциптери боюнча кабыл алынышы керектигин белгилейт. Эске салсак, эки мамлекет тең Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү.

Андан сырткары, КМШнын аткаруу комитетинин отчетунда көрүлүп жаткан чаралар соода өнөктөштөрдү басмырлоо каражаты болбошу керектиги белгиленген.

Премьер-министр Сапар Исаков келишимге Казакстандын мыйзам бузуулары боюнча өзгөчө пикирди эске алуу менен кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0