20:49 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү

БШК Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (90)
74910

Текебаев коррупция беренеси боюнча айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган болчу

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү маселени карайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, депутатты мандатынан ажыратуу маселесин кароо өтүнүчү Бишкек шаардык сотунан келип түшкөн.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Ал эми октябрь айынын башында Текебаев №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына которулган болчу.

Тема:
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (90)

Тема боюнча

Текебаев бүгүн түзөтүү колониясына которулат
Текебаев менен Чотонов №1 СИЗОго которулду
Шаардык сот Текебаев жана Чотонов боюнча райсоттун чечимин күчүндө калтырды
Белгилер:
Борбордук шайлоо комиссиясы, Өмүрбек Текебаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ