Президентпи же премьерби? Кыргызстанда эки тизгин, бир чылбыр кимге тиет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Алмазбек Атамбаев во время встречи с премьер-министром Сооронбаем Жээнбековым и руководителем своего Аппарата Сапаром Исаковым. Архивное фото
Президент КР Алмазбек Атамбаев во время встречи с премьер-министром Сооронбаем Жээнбековым и руководителем своего Аппарата Сапаром Исаковым. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-декабрдан тарта жаңы Конституция толугу менен күчүнө кирет. Sputnik Кыргызстан редакциясы бул мамлекеттик бийлик тутумуна гана эмес, ошондой эле жарандарга да кандай таасир этерин электеп көрдү.

2016-жылдын 11-декабрында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн, эң маанилүү өзгөртүүлөр ушул жылдын 1-декабрында күчүнө кирет. Болжол менен дал ушул мөөнөттө жаңы президент да кызматына киришет. Мамлекет башчысынын жана премьердин ыйгарым укуктары кандай бөлүштүрүлөт? Ушул жана башка суроолорго Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын авторлорунун бири, президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов жооп берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующий отделом правового обеспечения аппарата президента Анарбек Исмаилов
Заведующий отделом правового обеспечения аппарата президента Анарбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Заведующий отделом правового обеспечения аппарата президента Анарбек Исмаилов

Өзгөртүүлөр эмнеге зарыл эле?

2010-2011-жылдары эйфорияга алдырган маал эле, президенттин ыйгарым укуктары чектелип, өкмөт да кайсы убак болбосун отставкага кетирилүү кооптуулугу күч болчу. Мындан улам чабал эле. Ошол кезде министрлердин бир буту парламентте болуп калган, кызматын сактап калуу маселесин да чечишкен. Жогорку Кеңеш чечимдерди кабыл алуу булагына айлана алган эмес. Жыйынтыгында президент чылбырды өз колуна алып, демилге жаратуу гана эмес, аларды аткаруунун да борборуна айланууга мажбур болгон. Президенттин айрым чечимдери да эрежелердин бузулушуна жеткирген. Мындай көрүнүш өлкө келечеги үчүн кооптуу эле. Ошондуктан Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президент бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарындагы баш аламандыктан пайдаланып, башкаруунун күчтүү президенттик формасын кайтарып алышына жол бербөө максатын көздөйт.

Өзгөртүүлөрдүн жалпы маңызы эмнеде?

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков президенттикке качан киришет. Эксперттердин пикири
Өзгөртүүлөргө ылайык мындан ары парламенттик фракция коалициядан фракция мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу менен гана чыга алат (макул болгондор өз чечимдерине кол коюуга тийиш). Буга дейре андай чечим иш жүзүндө фракция лидери тарабынан гана кабыл алынчу. Дагы бир башка тарабы — премьер-министр жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, президент каршы болгон учурда да ишин аткара албаган министрди кызматынан кетире алат. Бул үчүн башкаруучу коалициянын курамына кирген фракциялардын лидеринин макулдугу эле жетиштүү.

Бийликтин вертикалы күчтөнбөйбү?

Өкмөт башчысы эми өзү гана район акимдерин дайындап жана кызматтан кетирет. Мурда буга айылдык кеңештердин сунушу талап кылынчу. Башкача айтканда, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары кадрдык саясатын мамлекеттик бийликке таңуулай алган. Бул өзгөртүүлөр ушу тапта күчүнө кирди.

Өкмөт кандай болот?

Премьер-министр жана анын орун басарлары жогорку кызматка дайындалганча парламентте депутат болсо, мандатын сактап калышат. Муну эске алганда министрлер кабинетинин бийлиги бекемделип, ошондой эле коалиция турукташып, өкмөт да күчтөнүп, мөөнөтү узарат. Натыйжада бул өкмөттүн ыкчам чечилчү маселелер менен гана эмес, стратегиялык багытта да иш алпаруусуна шарт түзөт. Күчтүү өкмөт мурда президенттин карамагындагы маселелерди да өзүнө кошуп алат. Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктары толук кулач жайышына бардык шарттар түзүлдү.

Президент канчалык алсызданат?

Сооронбай Жээнбековдун окуучулук убагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орусчаны үйрөнүп, волейболду катыра ойногон. Айылдаштары Сооронбай Жээнбеков жөнүндө
Конституциянын алкагында президенттин ошол эле ыйгарым укуктары сакталды. Бирок алар мыйзам деңгээлинде "кыскартылмакчы". Жогоруда айтылгандай, айрыкча, президенттин тарапташтары башкаруучу коалицияга мүчө болушпаса, мамлекет башчы көзөмөлдөп келген көп маселелер өкмөттүн карамагына өтөт. Маселен, Алмабек Атамбаев Коррупцияга каршы күрөшүү концепциясын даярдаган, анткени, министрлер кабинетинин ал маалда убактысы болгон эмес. Азыр андай программаларды өкмөт өзү сунуштап, жайылтууга мүмкүнчүлүгү жаралды.

Өзгөрүүлөр жеке мага кандай таасир этет?

Мурда президент бюджет жөнүндөгү мыйзамга сөзсүз түрдө кол коюуга тийиш эле. Мындан улам өкмөттүн каршы пикирине карабастан, парламент популисттик мыйзам кабыл алып коюшу ыктымал, ал эми мамлекет башчысы документке аргасыз кол коюуга тийиш болчу. Жаңы өзгөртүүлөр боюнча премьер-министр кайрылган учурда президент мыйзамды артка кайтара алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0