Жаңы вице-премьер Даир Кенекеев кайсы тармакты тескей турганы маалым болду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаВице-премьерликке дайындалган Даир Кенекеевдин архивдик сүрөтү
Вице-премьерликке дайындалган Даир Кенекеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кенекеев буга чейин өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп иштеп келген

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Жакында эле вице-премьерликке дайындалган Даир Кенекеев айыл-чарба жагын тескей турганын премьер Сапар Исаков өкмөттүн жыйынында билдирди.

Жыйын жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер Темир Жумакадыровду эскерүү менен башталды.

Исаков Кенекеевди тааныштырып жатып, бул кызматка ал жакында эле президенттин буйругу менен бекигенин айтты.

"Даир Атакулович мамлекеттик мүлк министри болуп иштеген, тажрыйбалуу адис. Ал мындан ары айыл чарба тармагын тескейт", — деди Исаков.

Буга чейин өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп иштеп келген Кенекеев алгач экономика тармагын жетектеши мүмкүндүгү айтылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0