Өкмөт чек ара көйгөйү келтирген чыгымды эсептеп, ишкерлерге жардам берет

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы абал оорлошо баштаган

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Экономика министри Артем Новиков өкмөттүн жыйынында кыргыз-казак чек арасындагы абалдан улам жапа чеккен ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча токтомдун долбоорун сунуштады.

Анын айтымында, 359 айдоочу сурамжыланып, алардын бир суткада күйүүчү майга, тамактанууга кеткен чыгымы аныкталган. Мындан тышкары, товарды убагында жеткирбегени үчүн салынчу айып пулдун көлөмү 23 миң долларды түзүп жатканын көрсөткөн. Жалпы чыгаша 180 миң доллар деп бааланууда.

Токтомдун долбооруна ылайык, 1-декабрга чейин келтирилген чыгымды эсептеп чыгуу каралган. Андан сырткары, салыктарды жана насыяларды төлөөдө жеңилдик берүү сунушталган. Ошондой эле финансы институттарына насыялык карыздарды кайра эсептеп чыгуу сунушталган.

Председатель Государственной таможенной службы при Правительстве КР Азамат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысы казак премьерине жооп берди

Премьер-министр Сапар Исаков токтомго кол койду.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрдан тарта жаралган. Расмий Астана бул карантиндик продукциялардын импорттолушуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат деп түшүндүргөн. 18-октябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков Казакстанга барып жүргүнчүлөр автобустарын, жеңил автокөлүк менен жүк ташуучу унааларды кое берүү боюнча макулдашкан. Андан кийин деле абал олуттуу түрдө өзгөргөн эмес. Кийин бул маселе Ереванда өткөн ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынында каралып, анда казак премьери Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын өкмөтүн бажы башкаруусу алсыз болуп жатат деп айыптап, окуя башкача өңүт алган. Буга кыргыз өкмөтү жооп берген. Эки өкмөттүн ортосунда тирешүү уланып, аталган мамлекеттердин ортосундагы чек арада жүк ташуучу миңдеген автоунаалар Казакстанга киргизилбей турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0