Франциянын президенти Макрон Сооронбай Жээнбековду Парижге чакырды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүСаммит ЕС в Брюсселе
Саммит ЕС в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо болуп, ага 11 талапкер ат салышкан

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Сооронбай Жээнбековду шайлоодон жеңип чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу Жээнбековдун маалымат кызматы кабарлады.

Макрон куттуктоосунда өзүнүн жана француз элинин атынан жылуу сөз айтып, демократиялык шайлоодон кийин Кыргызстанда өнүгүү жана бакубаттуулук өкүм сүрөрүнө ишенимин билдирген.

"Франция европалык өнөктөштөрү менен бул багытта жардам берүүгө даяр. 25-октябрда Бишкекке франциялык ишкерлер менен инвесторлордун келиши жана ноябрь айынын аягына пландалган эки тараптуу кеңешүү муну далилдеп турат", — деп айтылат куттуктоодо.

Официальный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Путин Жээнбековду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Ошондой эле Макрондун куттуктоосунда эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу, тынчтык жана коопсуздук боюнча жалпы маселелерди талкуулоо үчүн Жээнбековду Парижде күтүп алууга даяр экени жазылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо болуп, ага 11 талапкер ат салышкан. Боршайкомдун алдын ала жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков алдыда келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0