Сапар Исаков Россия элчиси Андрей Крутько менен жолугушту

Жазылуу
Тараптар санариптик технологиялар жаатында кызматташуу, транспорт жана Россиядагы эмгек мигранттарынын шарттарын жакшыртуу маселелерин талкуулашты

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Россиянын КРдеги элчиси Андрей Крутько менен жолугушканын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Сапар Исаков Ереванда өтүп жаткан ЕАЭБ саммитинин алкагында Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков ЕАЭБ саммитинин алкагында Дмитрий Медведев менен жолукту
Алар эки өлкө ортосундагы кызматташуулардын урунттуу учурларын жана Исаковдун Россияга болгон иш сапары маалындагы келишимдерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. 

Министрлер кабинетинин жетексичи Россия Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтып, эки өлкөнүн ортосунда чындап достук жана стратегиялык мамилелер түзүлгөнүн баса белгиледи.

Ал эми Крутько болуп өткөн президенттик шайлоо мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, мыкты деңгээлде өткөндүгүнө басым жасады. 

Тараптар санариптик технологиялар жаатында кызматташуу, транспорт жана Россиядагы эмгек мигранттарынын шарттарын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0