Иса Өмүркулов: Чыныбай Турсунбековду эч ким куугунтуктаган жок

Жазылуу
КСДП лидери төрагалыкты тапшырган Чыныбай Турсунбеков партиянын катарынан чыкпай тургандыгын айтты

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. ЖКнын төрагалык кызматынан кеткен Чыныбай Турсунбековду эч ким куугунтуктаган жок, ал партия ичинде ишенимден кеткен жок.  Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 25-октябрь спикер Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырды.

"Чыныбай Турсунбеков партия ичинде ишенимден кеткен жок. Аны эч ким куугунтактаган жок. Биздин катарыбызда эле кала берет. Балким, кийин дагы кайра төрагылыкка көрсөтүп калышыбыз мүмкүн. Ишиңизге ийгилик. Урматтуу депуттар спикер шайлашыбыз керек эми", — деди Өмүркулов.

Эске сала кетсек, кызматтан кеткен Чыныбай Турсунбеков депутат бойдон кала берерин, саясаттан кетпестигин  айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0