23:13 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Жогорку Кеңешке жаңы төрага шайланды (15)
119820

Алдын ала маалыматтар боюнча бош калган орунга Иса Өмүркулов, Аскарбек Шадиев жана Дастанбек Жумабековдун талапкерлиги коюлат

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Спикер Чыныбай Турсунбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Ал ишин тапшыргандыгы тууралуу бүгүн, 25-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Буга чейин төраганын кызматтан кетээрин Жогорку Кеңештеги өздүк булактар кабарлаган. Алдын ала маалыматтар боюнча бош калган орунга Иса Өмүркулов, Аскарбек Шадиев жана Дастанбек Жумабековдун талапкерлиги көрсөтүлөт. 

"Ушул жылы саясатка келгениме жети жыл болду. Беш жарым жылда партиянын жетекчиси, фракция лидери катары иштедим. Андан соң позиция, оппозиция дебей төрага болуп иштеп бердим. Идеяларды ишке ашырууга жети жыл аздык кылат экен. Баарыңыздарга ыраазычылык", — деди ал.

Ал ошондой эле төрагалыктан кеткени менен саясаттан четтебей турганын белгиледи. 

Эске сала кетсек, Чыныбай Турсунбеков 2016-жылдын 27-апрелинде төрага болуп шайланган.

Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы төрага шайланды (15)

Тема боюнча

ЖК комитети Даир Кенекеевдин талапкерлегин вице-премьерликке жактырды
ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырары айтылды
Белгилер:
спикер, кызматтан кетүү, Чыныбай Турсунбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ