Исаков Ереванга ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти

Жазылуу
Сапар Исаков аталган сапардын алкагында Казакстандын жана Армениянын делегациялары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Ереванга Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Исаков бул сапардын алкагында бүгүн, шейшемби күнү Казакстандын жана Армениянын делегациялары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Саммит глав государств-членов ЕАЭС и неформальная встреча ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча документ Жогорку Кеңешке келди
Жыйын шаршемби күнү өтөт. Күн тартибинде 2018-2020-жылдары "Евразия жумалыгы" көргөзмө форумун өткөрүүгө байланышкан маселелер каралган. Андан сырткары, ЕАЭБдин ичинде электр энергиясынын алкагында маалымат алмашуу системасын түзүү жана биримдиктин ичинде айыл-чарба өсүмдүктөрү боюнча маселелер кирет.

Ошондой эле ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңишинин кийинки жыйынын кайда өтөрүү талкууланат.

Кыргызстандын делегациясынын курамы:

Премьер-министр Сапар Исаков, биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов, экономика министри Артем Новиков, тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнур Төралиева, өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Азамат Сулайманов, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Санжар Үмөталиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0