Түштүк Кореядагы элчиликке Кылычбек Султановдун талапкерлиги жактырылды

© Фото / пресс-служба ЖККыргызстандын Түштүк Кореядагы элчичи болуп дайындалганКылычбек Султановдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчичи болуп дайындалганКылычбек Султановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Султанов буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп эмгектенип, 2016-жылдын 18-августунда кызматтан бошотулган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эл аралык коргоо, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине сунушталган Кылычбек Султановдун талапкерлигин колдоду.

Султановдун талапкерлиги Тышкы иштер министрлиги тарабынан сунушталган.

"Кыргызстандын Түштүк Кореядагы толук ыйгарымдуу элчилигине сунушталган экс-элчи Кылычбек Султановдун талапкерлигин Эл аралык коргоо, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети колдоду", — деп билдирди парламентте жүргөн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы.

Султанов буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп эмгектенип, 2017-жылдын 18-августунда кызматтан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0