Казак ТИМи: Кыргызстан 100 млн. доллардан баш тартуу боюнча билдирүү жиберген жок

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүүЗаседание Совета министров иностранных дел ШОС в Астане
Заседание Совета министров иностранных дел ШОС в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак ТИМи бул маселе 18-октябрдагы өкмөт башчылардын жолугушуусунда дагы айтылбаганын белгилеген

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. КР өкмөтү Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тартары туурасында казак ТИМине билдирүү жиберилген жок. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

“Кыргызстандын өкмөтү Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жатканын ЖМКлар аркылуу билдик. Бул туурасында кыргыз тараптан расмий билдирүү болгон жок”, — деп билдирген Казакстандын Тышкы иштер министрлиги.

Мындан сырткары, казак ТИМи бул маселе 18-октябрдагы эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда дагы айтылбаганын белгилеген. 

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде Казакстан 100 миллион доллар жардам берерин билдирген. Аталган каражатты Кыргызстандын санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык системасын ЕАЭБдин талаптарына ылайык жакшыртууга жумшалмак. Быйыл июнь айында Казакстандын мажилиси каражатты бөлүүнү жактырган.

Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Абдыгулов: беш күн ичинде чек арадагы абал боюнча жол карта иштелип чыгат
Сентябрь айында Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенттигине ат салышып жаткан талапкерлердин бири менен жолуккан. Ага КР Тышкы иштер министрлиги жооп кайтарып, мындай аракет өлкөнүн ички ишине кийлигишүү экенин билдирген. 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, казак бийлигине бир катар сындарды айткан.

Атамбаевдин айткандарына Казакстандын бийлиги бир нече жолу өз пикирин билдирген. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине киришинин алкагында 100 миллион доллар көлөмүндө техникалык жардам берүү чечимин кабыл алып, аны Казакстандын парламенти жактырганын айткан.

Бул окуялардан кийин Атамбаев Сочи шаарындагы КМШ жана ЕАЭБдин саммитине барбай, мындай кадамын өлкөнүн шайлоого даярданып жатканы менен түшүндүргөн.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы абал курчуп, жөө адамдар менен транспорттун өтүүсү оорлоп баштаган. Бир жумадан кийин Казакстандын улукттук коопсуздук комитети мындай абал өлкөнүн бардык чек арасындагы профилактикалык аракеттерге байланыштуу экенин түшүндүргөн.

Шайлоо күнү Алмазбек Атамбаев Казакстандын берем деген 100 милллион долларлык жардамы тууралуу оюн билдирген. Ал өз сөзүндө бул боюнча келишим 2007-жылы эле кол коюлганын, кийин 2014-жылы Назарбаев менен кайтадан сүйлөшкөнүн айтып, "ал жардам бизге дагы деле келе элек, аны бизге милдет кылып жатышат. Мындай жардамдын бизге кереги жок. Аны үч жыл күттүк" деген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0