Шайлоодон кийин шаабайы сууган талапкерлер эмне дейт

© Sputnik / Табылды КадырбековВыборы президента Кыргызстана
Выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik агенттиги президенттик шайлоодо алдыга чыккан беш талапкердин айткан-дегенин сунуштайт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү, 15-октябрда, Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Шайлоого катышкандардын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер жеңишке жетет.

Кыргызстан боюнча үч миллиондон ашык кишинин шайлоого катышууга укугу болсо, алардын дээрлик 1,7 миллиону ал укуктан пайдалана алды.

Азырынча алдыда Сооронбай Жээнбеков келе жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала берген маалыматына ылайык, ал элдин 54,8 пайызынын добушун алган. 15-октябрда берген маалымат жыйында ал Кыргызстан көз карандысыз, домократиялуу мамлекет экенин жана анын тагдырын эл гана чече турганын айтты. 

"Мен атаандаштарыма ыраазычылык айтам. Себеби алар катуу атаандаштыкта өздөрүн татыктуу көрсөттү. Бул жылдары өлкө көп нерсеге жетишти. Менин башкы милдетим жетишилген нерселерди сактап, башталган иштерди аягына чыгаруу болуп саналат", — деди Жээнбеков.

Sputnik Кыргызстан агенттиги алдын ала жыйынтык боюнча 0,5 пайыздан ашык добуш алган талапкерлер шайлоонун жыйынтыгы тууралуу кандай ойдо экенин билип көрдү.

Экинчи орунда азыр Өмүрбек Бабанов турат. Ал шайлоочулардын 33,8 пайыз добушун алган. Маалымат жыйында командасы менен чогуу өзүнүн укуктарын мыйзамдын негизинде гана коргой турганын белгиледи.

"Эл өзүнүн тандоосун жасады. Мыйзам бузуулар болду, алардын бардыгын чогултабыз, шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүп, административдик ресурсту колдонгондорго жоопкерчиликти күчөтөбүз", — деди ал.

Бабанов ошондой эле парламенттеги оппозиция катары реформаны талап кыларын баса белгиледи.

Үчүнчү орунда Адахан Мадумаров келе жатат, ага шайлоочулардын 6,47 пайызы добуш берген. Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде жарандардын көбү шайлоо укугунан ажырап калганын айтты.

"Биринчиден №2 форма менен 300 миңден ашык киши добуш берди. Ким үчүн добуш берилгенин түшүнүп жатсаңар керек. Экинчиден, көпчүлүк жарандардын конституциялык укугу тепселенди. Чет жакта болсо аз гана киши шайлоого катыша алды", — деди Мадумаров.

Талапкер ошондой эле чет жактагы мекендештердин бардыгы шайлоого катышканда 90 пайызы добушун ага бермек деген ишенимин билдирди.

Төртүнчү позицияда келе жаткан Темир Сариев шайлоочулардын 2,57 пайызынын добушуна ээ болду. Маалымат катчысы Назира Ахмедова саясатчынын шайлоодон кийинки пикирин Facebook тармагындагы баракчасына жарыялады.

"Шайлоочуларда өз позициясын билдирип, каалаган талапкерин тандоого мүмкүнчүлүк бар болчу. Ошол эле учурда бул добуш берүү биздин шайлоо системабыз чоң реформага муктаж экени тастыктады", — деди Сариев.

Анын айтымында, кырдаал өзгөрүлбөсө, жарандар шайлоого таптакыр эле ишенимин жоготуп коюшу мүмкүн.

Бешинчи орунду алган Таалатбек Масадыковго 0,63 пайыз шайлоочулар ишеним көрсөткөн.

Талапкердин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда, айрым өнүккөн өлкөлөргө караганда Кыргызстанда шайлоо болгонуна каниет кылат.

"Бирок демократиясы алда канча өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу шайлоо маалында бизде бир топ мыйзам бузуулар болгону байкалат. Менимче жакында коомчулук буга абдан көп тастыктоолорду алат", — деди Масадыков.

Талапкер сөзүнүн аягында ал үчүн мамлекеттеги туруктуулук жана элдин тынчтыгы маанилүү экенин, ал эми атаандаштарынын амбицияларына маани бербей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0