05:25 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
380 0 0

Путин Жээнбековдун эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого кошкон салымын белгилеп өткөн

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын өлкө башчылыгына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.

Телеграммада Россиянын президенти шайлоонун жыйынтыктары Жээнбековдун эл арасындагы кадыр-баркы жогору экенин көрсөткөнүн айтып, анын эки өлкө ортосундагы биримдикти чыңдоого кошкон салымы Россияда жогору бааланып келерин белгилеген.

"Россия менен Кыргызстандын байланышы мындан дагы жакшырып, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында конструктивдүү кызматташуу жүргүзүлөрүнө ишенем", — деген Путин.

Жээнбековду Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев дагы куттуктаган.

"Жаңы кызматка келип, кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бураарыңызга ишенем", — деп билдирген ал.

Кыргызстанда президенттик шайлоо жекшемби күнү, 15-октябрда өткөн. Алдын ала маалыматтар боюнча Сооронбай Жээнбеков 54,77 пайыз добуш алган.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Атамбаев: айрым талапкерлердин акча таратуусуна күч түзүмдөрү жол берген жок
Жаңы президент эл алдында качан ант берет
Талапкерлер кичи мекенинен канча добуш алды
Белгилер:
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, куттуктоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ