Сапар Исаков маалымат кызматынын жетекчисин алмаштырды

Жазылуу
Өкмөттүн маалымат кызматын буга чейин Гүлнур Төралиева жетектеп келген

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.

Буга чейин өкмөт башчынын маалымат катчысы кызматын аркалап келген Чыңгыз Эсенгул уулунун ордуна Исаковдун дагы бир буйругу менен Урмат Кабылова дайындалды.

Ал эми өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүн жетектеп келген Гүлнур Төралиева өкмөт башчынын кеңешчиси болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0