КМШдагы эң таза шайлоо. Байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы байкоочулар
Шайлоо участогундагы байкоочулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттик комиссия шайлоонун жүрүшүндө катталган мыйзам бузуулар тууралуу айтышты

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. КМШ уюмунун байкоочулар миссиясынын өкүлү Сергей Лебедев журналисттерге Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө жасалган мониторингдин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Эксперт комиссия курамына узак мөөнөткө дайындалган 20 байкоочу жана КМШ мамлекеттеринен 190 текшерүүчү киргенин айтты.

Лебедевдин айтымында, комиссия 1200 шайлоо участкаларына барып, андагы кемчиликтерге токтолду.

"Электрондук урналардын иши үзгүлтүккө учурады, бирок алар бир нече мүнөттүн ичинде калыбына келтирилип жатты. Тизмеден аты-жөнүн таппай калган шайлоочуларга участкада иштегендер жардам беришти. Мындан улам мындай кемчиликтер шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир бере алган жок", — деди ал.

Талас шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластагы шайлоодон кийинки абал. Облус жетекчилигинин маалыматы
Лебедевдин айтымында, Кыргызстан шайлоо жаатында электрондук технологияларды жапырт колдонгон КМШдагы жападан жалгыз өлкө. Эксперт мындай ыкма объективдүү жыйынтык чыгарууга шарт түзөрүн белгиледи.

Белоруссиядан келген дагы бир эксперт Вадим Ипатов Кыргызстан КМШ аймагында бир нече жылдар аралыгында эң таза, ачык шайлоо өткөргөн мамлекет болуп каларына токтолду.

Жогоруда айтылгандардын негизинде комиссия БШКнын жыйынтыгына ишенүүгө болот деген корутунду чыгарышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0