БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоодогу айтылып жаткан мыйзам бузуулар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бардыгы өз нугунда өтүп жатат. Одоно катачылыктар жок, бардык кайрылуулар текшерилип жатат.
"Даттанууларды текшергенде айтылып жаткан мыйзам бузуулардын көпчүлүгү аныкталбай жатат. Бирок жоопкерчиликке тарта турган мисалдар дагы бар. Мисалы, Бишкекте бир аял тамак таратып жаткан жеринен кармалып, административдик жоопкерчиликке тартылды", — деди Шайлдабекова.
"Биз бардык кайрылуулардын чоо-жайын билүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок кээ бир адамдар массалык түрдөгү мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, кырдаалды курчуткусу келип жаткандай элес калтырууда. Шайлоо тынч өтүп жатат", — деди ал.
Саат 13.00гө карата маалымат боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын 24 пайызы катышты.