Казакстан Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоочуларын жибербейт

© AFP 2023 / Vyacheslav OSELEDKO Подготовка к президентским выборам КР в селе Арашан
Подготовка к президентским выборам КР в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү чечимди өлкөнүн БШКсы кабыл алган

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого байкоочуларын жибербей турган болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. https://ru.sputniknews.kz/politics/20171013/3483106/kazahstan-otkazalsya-nablyudat-za-prezidentskimi-vyborami-v-kyrgyzstane.html

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн БШКсы мындай кадамга "жакында эле КР президенти Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүнөн улам" барып жатканын белгилеген.

"БШК Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо салууга катышпай турганын токтом кылат", — деп айткан жума күнкү жыйында мекеме төрагасынын орун басары Константин Петров.

Өз чечими тууралуу казак БШКсы Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу кабардар кыларын белгиледи.

Бирок буга карабастан эл аралык милдеттемелерге ылайык, Казакстандын 46 жараны КМШ, ЕККУ, ШКУ сыяктуу уюмдардын курамында шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0