БШК: Бекназаров президенттикке талапкерлигин алып сала албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКандидат в президенты КР, экс-депутат ЖК Азимбек Бекназаров
Кандидат в президенты КР, экс-депутат ЖК Азимбек Бекназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бекназаров шайлоого катышуудан баш тартканы менен БШКга арыз жазган эмес, андыктан президенттикке талапкер болуп кала берет

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоодон баш тарткан Азимбек Бекназаров талапкерлигин алып сала албайт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

12-октябрдагы теледебатта Бекназаров талапкерлигин алып саларын айтып, мунусун идеологиялык кадамдарынан улам жасагандыгын кошумчалаган.

"Мыйзам боюнча талапкер үч күндөн кеч эмес мөөнөттө шайлоого катышпай тургандыгын маалымдашы керек. Андан арыз келип түшкөн жок, андыктан Бекназаров талапкер катары кала берет. Бюллетенден фамилиясы чийилбейт", — деди Бегматов.

Буга чейин президенттик жарышууга катышуудан баш тартып талапкерлер Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев арызын берген. БШК алардын фамилиясын бюллетенден чийип салган.

Эгерде 15-октябрда президент шайланбай калса эмне болот. Экинчи турдун жол-жобосун Sputnik Кыргызстан жасаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0