Сапар Исаковду Сочи шаарына кимдер коштоп барды

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүПремьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарында
Премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бул иш сапарга өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин барары айтылган. Бирок алдыдагы шайлоого байланыштуу президент өлкө аймагынан чыкпай эле коюну чечкен

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарында боло турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өлкө жетекчилеринин жана Евразиялык экономикалык жогорку кеңешинин жыйынына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Эки жыйындын жүрүшүндө КМШ жана ЕАЭБдин алкагындагы кызматташуулар боюнча маанилүү маселелер талкууга алынат.

Церемония награждения госнаград 141 кыргызстанцу Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев алты жылдын ичинде кандай иш сапарлардан баш тарткан
Сочи шаарындагы эл аралык аэропорттон Сапар Исаковду Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алды.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов, КРдин Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов жана өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуулар бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Айдарбеков бар.

Мурдараак бул иш сапарга өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин барары айтылган. Бирок алдыдагы шайлоого байланыштуу президент өлкө аймагынан чыкпай эле коюну чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0