10:46 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Евробиримдиктин желеги. Архив

Евробиримдик менен Кыргызстан кызматташууну күчөтүүнү пландап жатат

© REUTERS / Francois Lenoir
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
59 0 0

Ушул тапта Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда 1995-жылы кабыл алынган келишим бар

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Европа биримдиги (ЕБ) кеңешинин жыйынында Кыргызстан менен ЕБдин өнөктөштүгүн жана кызматташтыгын күчөтүү үчүн ЕБдин жана ага мүчө башка өлкөлөрдүн атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Европа комиссиясына мандат берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай чечим бир добуштан кабыл алынган. Мандат Европа комиссиясына гана эмес, чет өлкөлүк иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүл Федерико Могериниге дагы ыйгарылды.

"Жаңы документ Европа биримдиги менен КРдин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташуу боюнча 1995-жылы кабыл алынып, төрт жылдан кийин күчүнө кирген келишимди алмаштырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы келишимди даярдоого Алмазбек Атамбаевдин Брюсселге (ЕБ институттары) 2015-жылдын март, 2017-жылдын февраль айында болгон иш сапарлары түрткү болду.

ТИМден билдиришкендей, жаңы келишимдин түзүлүшү КР менен ЕБдин ортосундагы кызматташууга жаңы дем берет. Өзгөчө саясий диалог, соода-экономикалык мамилелер жана эркиндик, коопсуздук, сот адилеттүүлүгү, билим берүү, маданият жаатындагы туруктуу өнүгүү маселелерине басым жасалат.

Европа кеңешине ЕБдин мүчө мамлекеттеринин өкмөтүндөгү 28 министр кирет. Алардын курамы каралып жаткан маселеге жараша өзгөрүп турат.

Тема боюнча

Кыргыз-өзбек ишкерлери 200 миллион долларлык келишимдерди түзүштү. Тизме
ЕАЭБ менен Кытайдын соода, экономика келишими боюнча сүйлөшүүсү соңуна чыкты
Белгилер:
кызматташуу, келишим, Европа биримдиги, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ