Аида Салянованын иши Ленин райондук сотунда каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештеги Ата Мекен фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот жараянына Кубанычбек Касымбеков судьялык кылууда

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иши Ленин райондук сотунда каралып, учурда сот өкүм чыгаруу үчүн тыныгууга кетти. Бул туурасында жактоочусу Улан Жумаков Facebook баракчасына жазды.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Исаевдин иши боюнча жарандык активист Мелис Аспеков кармалды
Жумаков сот жараянына сот Кубанычбек Касымбеков судьялык кылып жатканын билдирген.

Эске сала кетсек, 2016-жылы декабрь айында Башкы прокуратура депутат Аида Саляновага карата юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп кылмыш ишин козгогон.

29-майда Биринчи Май райондук сотунда Саляновага карата козголгон кылмыш иш боюнча сот отуруму болгон. Анда депутаттын жактоочулары ишти Биринчи Май райондук соту эмес, Ленин райондук соту карашы керектигин айтып, өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0