Атамбаевди Өзбекстанга коштоп барчу делегациянын курамы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан
Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапардын жыйынтыгы менен 15 документке кол коюу пландалып жатат

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында өлкө башчы менен кошо учкан делегация мүчөлөрүнүн тизмесин президенттин аппарат жарыялады.

Сапар 5-6-октябрга белгиленген.

Расмий делегациянын курамы:

  • Президент Алмазбек Атамбаев
  • Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева
  • Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков
  • Башкы штабдын начальниги Райимберди Дүйшөнбиев
  • Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов
  • Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев
  • Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков
  • Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаков
  • Ички иштер министри Улан Исраилов
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев
  • Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов
  • Экономика министри Артем Новиков

Коштоп жүргөндөрдүн катарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, Жалал-Абад менен Баткен шаарларынын мэрлери, Мамлекеттик салык кызматы жана башка ведомстволордун жетекчилери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0