Сапар Исаков өзбекстандык кесиптеши менен Атамбаевдин сапарын талкуулады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОфициальный визит премьер-министра КР Сапара Исакова в РФ
Официальный визит премьер-министра КР Сапара Исакова в РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга расмий иш сапары башталат

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефондон КР президенти Алмазбек Атамбаевдин аталган өлкөгө жасай турган расмий сапарын сүйлөштү.

Эки премьер, андан сырткары, эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууларын талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга барганда кайсы маселелер чечилери айтылды
Эске салсак, бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга расмий иш сапары башталат. Анда эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңири форматта жолугушуп, соода-экономикалык кызматташуулар жана чек ара маселеси боюнча сүйлөшөт.

Тараптар кайра иштетүү жаатындагы жана ЕАЭБге мүчөлүктүн алкагында логистикалык борборлорду ишке киргизүү боюнча маселелерди карашат. Мындан сырткары, "Ааламдашуунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу" аталышындагы бизнес-форум болуп, эки өлкөдө өндүрүлгөн товарлар көрмөзмөсү уюштурулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0