Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга барганда кайсы маселелер чечилери айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаевдин Өзбекстанга болгон сапары ар кайсы тармактагы кызматташууну күчөтүүгө жол ачары айтылды

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева маалымат жыйыны учурунда Алмазбек Атамбаевдин 5-6-октябрь күндөрү Өзбекстанга боло турган иш сапарынын программасы менен тааныштырды.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 5-6-сентябрь күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келип кеткен.

Субакожоеванын айтымында, иш сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңири форматта жолугушуп, соода-экономикалык кызматташуулар жана чек ара маселеси боюнча сүйлөшүшөт.

"Тараптар кайра иштетүү жаатындагы жана ЕАЭБге мүчөлүктүн алкагында логистикалык борборлорду ишке киргизүү боюнча маселелерди карашат", — деди ал.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасынын дагы 40 чакырым жери такталды
Ошондой эле "Ааламдашуунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу" деген аталыштагы бизнес форум болуп, эки өлкөдө өндүрүлгөн товарлар көргөзмөсү уюштурулат.

Мындан тышкары, лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы транспорт, энергетика жаатындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушат.

Муну менен бирге коопсуздук, экономикалык кылмышка каршы күрөшүү жана бажы операцияларындагы тартип боюнча 15 документке кол коюлары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0