16:53 20 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3076
  • EUR78.9465
  • RUB1.0737
Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин архивдик сүрөтү

Дүйшөнбек Зилалиевге эми катуу сөгүш жарыяланды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
44710

Буга чейин вице-премьерге эскертүү берилген болчу

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш жарыяланганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка премьер Сапар Исаков кол койду.

Дисциплинардык мындай чечим Боршайкомдун 24-сентябрдагы чечиминин негизинде кабыл алынган. Анда Зилалиевге карата катуу чара көрүлүшү керектиги айтылган.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары Зилалиев президенттик үчүн ат салышып жаткан талапкердин бирин колдоду деп жазып, анын сөзү жарыяланган.

Мындан улам премьер-министр Сапар Исаков Зилалиевге эскертүү берип, аны республикалык штабдын жетекчилигинен четтеткен. Төрагалык милдетти учурда Темир Жумакадыров аткарууда.

Тема боюнча

Сапар Исаков Зилалиевди зекип шайлоо штабынын жетекчилигинен четтетти
Зилалиев талапкерлердин бирин үгүттөдү деген кинеге жооп айтты
Белгилер:
сөгүш, Дүйшөнбек Зилалиев, Сапар Исаков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ