Исаков: Кыргызстан аскерлерин Сирияга жөнөтүү сунушун карап көрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКомандно-штабные учения "Иссык-Куль "Антитеррор-2017" в селе Бает
Командно-штабные учения Иссык-Куль Антитеррор-2017 в селе Бает - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аскерлерин жөнөтө албайт, бирок аскердик келишим менен кызмат өтөгөндөр барышы мүмкүн.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстан өзүнүн аскерлерин Сириянын аймагына жиберүү боюнча расмий сунуш алган эмес. Бишкек ал жакка аскердик келишим менен кызмат өтөгөндөрдү жиберүү мүмкүнчүлүгүн карап көрө алат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын жай айында Түркия президентинин өкүлү Ибрагим Калын Россия Сирияга Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин жиберүүнү сунуштаганын жар салган. Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин төрагасы Владимир Шаманов аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча аталган эки өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын РИА Новостиге ырастаган.

"Бул боюнча расмий сунуш бизге түшкөн эмес (аскерлерди Сирияга жөнөтүү жөнүндө —ред.). Эгер мындай сунуш түшө турган болсо аны сөзсүз түрдө ЖККУнун алкагында карап, чечим чыгаруу керек. Ошондой эле БУУнун коопсуздук кеңешинин чечимине дагы көңүл буруу зарыл. Бирок белгилеп кетким келет, биз аскерлерибизди Сирияга жөнөтө албайбыз. Болгону аскердик келишим менен кызмат өтөгөндөрдү гана жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрө алабыз", — деди ал.

Исаков аталган маселе Кыргызстанда көтөрүлүп талкуулана электигин жана чечимди парламент кабыл аларын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0