БШК: Ташиев президенттик шайлоого катышпай турган болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүПредвыборная агитация в Киргизии
Предвыборная агитация в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапкерди саясий жарыштан алып салуу боюнча маселеси бүгүн каралат

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президентикке талапкер болгон Камчыбек Ташиевдин шайлоого катышуудан баш тарткан арызы БШКга келип түштү. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Үгүт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Капчык кандай, талапкер? Мурунку шайлоо өнөктүгү менен азыркысынын чыгымы
БШКдан бул маселени бүгүн карала тургандыгын кошумчалашты. Буга чейин Ташиев президенттикке талапкерлердин бирин колдой турганы маалымдалган.

Башында президентик шайлоого 13 талапкер ат салыша тургандыгын билдирген. Шайлоо 15- октябрда өтөт.

Талапкерлердин КТРК каналындагы дебатынын графигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0